Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан Испания жана Португалия мамлекеттеринин портторундагы кемелерге киттердин бир катар кол салуулары илимпоздорду таң калтырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
Деңиз биологдору киттерге акыркы эки айдын ичинде кемелерге кол салып баштагандан кийин кызыга башташкан. Биринчи окуя 29-июлда Испаниянын Трафалгар (Атлантика океанына жакын жердеги) булуңунда болгон. Бир нече кит жүк ташуучу кемени курчап алышып, аны каптап, капитандын стендин талкалап кетишкен. Андан кийин дагы киттер тарабынан кемелерге байма-бай кол салуулар катталган.
Сентябрь айынын башында Улуу Британияга жүк ташып бара жаткан испан кемесине кол салуу болгон. Киттер кемени курчап, анын капталын болжол менен 15 жолу бузуп өтүүгө аракет кылышкан. Ошол эле учурда Испаниянын Виго шаарынын аймагында эки кемеге киттер тарабынан кол салуу болгон.
"Киттер Испания-Португалия жээктерине жыл сайын сентябрь айында жакындашат. Бирок мурунку изилдөөчүлөр бул жырткычтардын арасында мындай агрессивдүү абалды байкаган эмес. Азыр окумуштуулар бардык кол салуулардын себебин изилдөөдө", - деген деңиз биологу Альфредо Лопестин.
Испания жана Португалия бийликтери деңизчилерди жана туристтерди киттер менен байланышуудан алыс болууга үндөдү.