"Чындыгында абал башкачараак". Кубатбек Боронов жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын жеке көзөмөлүнө аларын айтты

Премьер-министр Кубатбек Боронов жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын курулуш жана оңдоо иштеринин сапатын жеке көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу ал республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бизге берилген отчёттор боюнча бардыгы жакшы. Чындыгында абал баяндамаларда көрсөтүлгөндөгүдөн башкачараак. Мен ар бир курулган жана профилин өзгөрткөн ооруканаларга барып, иш жүзүндө кандай иштер аткарылгандыгын көрүүнү ниеттенүүдөмүн. Көрсөтүлгөн медициналык мекемелерге, биринчи кезекте, оору күч алып турган мезгилде жетишпеген медициналык жабдуулар менен камсыздоо керек. Бул өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, рентген-аппараттар, компьютердик томография аппараттары, абаны айлантуучу жабдыктар. Алардын сатып алынышын жана медициналык мекемелер арасында туура бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө зарыл", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-09-15 14:50:31
Боронов суйлобочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан