Орусияда 30 күндөн ашык жүргөн мигранттар үчүн ID-карталарын киргизүү пландалууда

Орусиянын аймагына жумушчу адамдарды тартуу максатында бардык мигранттардын өздүгүн аныктоо үчүн ID-карталарды киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин билдиргенине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай жол-жобо Орусиянын аймагында 30 күндөн ашык жүргөн чет элдик жарандар үчүн киргизилет. Жаңы тартип визасыз кире турган өлкөлөрдөн келген мигранттарга, жогорку квалификациялуу жумушчуларга тиешелүү.

"Көптөгөн чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагынан чыгарылгандан кийин мекенине барып, аты-жөнүн, жеке маалыматтарды алмаштырып алып кайра келе беришет. Манжалардагы өзгөчөлүктөрдү эч ким алмаштыра албайт. Ошондуктан Орусия Федерациясынын аймагына 30 күндөн ашык мөөнөткө келген бардык чет элдик жарандар дактилоскопиядан өтүүсү керек", - деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам долбоору 2021-жылы күчүнө кириши мүмкүн экендиги айтылды.

Мындан тышкары жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдиктер электрондук патент тапшырып, андан кийин киреше салыгын белгиленген аванс түрүндө төлөшү керектиги белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Imon7
2020-09-16 08:14:59
Ансыз деле патент, налог деп стройкада иштеген, кочо шыпыргандан тартып бизнесменден налог алгандай алып итерип атасынар. Кошумча регистрация, разрешение работа, такси айдагандарга лицензия деп бир топ эле акча кагып алат. Дагы деле тойбойт экен да окендер
+4
KAYRATBEK
2020-09-16 14:28:14
Эгерде бул мыйзамы ишке ашса. Анда ото кыйын болотко мигранттарга. Эч нерсе алмаштыра албайсын. Алмаштырсан дароо манжандан отпечатка алып эле билип алат.
+1
nemo2016
2020-09-16 20:37:16
Ошон учун добушту сатпай жерибизде иштещ учун таттыктуусун тандайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан