Ливандын борбору Бейруттагы каржы районунда белгилүү имарат өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Имараттын курулушу бир нече жылга созулуп, аяктоо алдында турган. Ал белгилүү архитектор Заха Хадид тарабынан долбоорлонгон. Өрттүн себеби азырынча тактала элек.
Буга чейин Бейрут портунда 4-августта 2 миң 750 тонна аммиак селитрасынын кампасында жарылуу болгон. Анда 180 адам курман болуп, 6 миңге жакын адам жаракат алган, миңдеген үйлөр кыйрагандыгы тууралуу кабарланган.