Индиялык архитекторлор "күн дарагы" мунарасын курууну чечишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Индиянын "NUDES" бюросунун архитекторлору мунаранын долбоорун сунушташты. Мунараны цилиндр формасында түзүшүп, аны "күн дарагы" деп аташкан. Имараттын маңдайы күн батареяларын чагылдырган жалбырактар менен капталган. Мунаранын ичинде балкондорго алып баруучу кең коридорду түзүп, чокусуна айнек капсуласын жайгаштырууну чечишти. Ал жерден пейзаждын панорамалык көрүнүшү ачылат. Мунара үчүн негизги материалдар жыгач жана болот көбүрөөк керектелет.
"NUDES'тин" архитекторлору мунараны кайда курууну пландаштырып жатышат.