Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана белгилүү филантроп Билл Гейтстин атасы 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу миллиардер өзү айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Атам үй-бүлөсүнүн курчоосунда көз жумду. Биз азыр кайгырып турабыз, бирок ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Атамдын өлүмү күтүүсүз болгон жок, ал 94 жашта болчу, ден соолугу начарлап бараткан. Биз көп жылдар бою ушундай сонун адам менен чогуу болгонубузга канчалык бактылуу экенибизди ойлонууга үлгүрдүк", - деп жазган Билл Гейтс.
Гейтс Microsoft компаниясын түптөөдө жана кайрымдуулук иштерине атасы зор салым кошконун белгилеп, ал адам болбосо азыркыдай ийгиликтүү болбостугун айткан.
"Нью-Йорк Таймс" басылмасы миллиардердин атасы Альцгеймер оорусунан улам каза болгонун жазат.