"Эми боз жана байкалбаган дубал адам укуктары үчүн күрөшкөн белгилүү активист Нельсон Манделанын сүрөтү түшүрүлгөн жаркыраган көркөм композиция менен кооздолду. Стрит-арт долбоору "Эркиндик үнү" коомдук фондунун демилгеси жана мэриянын Экономика жана инвестиция департаментинин, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын колдоосу менен БУУнун кыйноолордун курмандыктарын колдоо эл аралык күнүнө жана Нельсон Манделанын эл аралык күнүнө карата тартылды", - деп жазылат маалыматта.
Нельсон Мандела өз өмүрүн тынчтык жана гуманизм жолуна арнаган. Адам укуктарын коргоочу жана эркин Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти.