Эзелтеден элибиз кийизди барктап, андан көргөн көздү суктанткан, укмуштуудай кооз буюмдарды жасап, турмуш-тиричиликке пайдаланып келген. Кол өнөрчүлүк өнөрү муундан-муунга, атадан балага, энеден кызга өтүп, ушул күнгө жетип отурат. Элибизде "эл ичи өнөр кенчи" деп бекеринен айтылбаса керек. Калк арасында өнөр аздектеген адамдарыбыз бүгүнкү күнгө чейин улуу элдин өнөрүн аздектеп, жаштарга үйрөтүп келүүдө. Өлкө аймагында гана эмес, дүйнө жүзүнө кыргыз шырдагын таанытып келе жаткандардын бири алыскы Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Тоюнбүбү Аманова менен SUPER.KG порталы маек курду.
— Кол өнөрчүлүк өнөрүн аркалап жүргөнүңүзгө канча убакыт болду? Алгач кимден үйрөндүңүз эле?
— Алгач кол өнөрчүлүктү тай жагыман, чоң энемден, энемден үйрөнгөм. Эми кыргыз баласы болгондон кийин анын үстүнө Ат-Башыда төрөлүп, апа, ата деп тилибиз чыккандан бери эле кол өнөрчүлүккө аралашып чоңоюп келгенбиз. Атайын окутпаса дагы энелерибиз кийиз менен иш кылып жатканда бизди кошуп алып, жардамдаштырып үйрөтүп келген. Анан бир аз өзүбүздүн дээрибизде дагы болсо керек. Чоң энем ийикти аябай жакшы ийриген, жөрмө жип, шырык жип, көпкө жип деп төөнүн, койдун, топоздун жүнүнөн эч кынтыксыз жип ийриген аял болчу. Жүндү дагы жакшы иргечү.
Таятам, таенем тарап да кийимдерди тигип, кол өнөрчүлүк менен алектенишчү. Айрыкча, таежем шырдактын жасалышын мыкты билет. Шырдакты дүйнөлүк деңгээлге чыгарган чебер аял. Анын шырдактары Британ музейинде, республиканын, облустун көрүнүктүү музейлеринде сакталып турат. Эми ушул таежебиз жээндерине, кыздарына шырдак даярдап берип, үйлөрүн көркөмдөп турган аял эле. Таежем менин кол өнөрчүлүктү алып кетишиме себепчи болгон адамдардын бири. Анын үйүнө туристтер келгенде ага каралашып конокторду чогуу тосуп калчубуз.
Ошентип жүрүп бир учурда Динара Чочунбаева менен таанышып калгам. Ал биздин үйгө келип, шырдактарды көрүп, "таежеңдин өнөрүн аркалап кал" деген сунушун айтты эле. Ал учурда мектепте директор болуп иштеп жүргөндүктөн убактым тар болуп, анан дагы бир шырдак деп кызматымды таштап кеткенден намыстандым. Пенсияга чыккандан кийин бул өнөрдү аркалайм деп ойлогом. Ошентип ардактуу эс алууга чыккандан кийин баш отум менен кол өнөрчүлүккө ооп кеттим. "Чебер колдор" коомдук бирикмесин түзүп калдык.
— "Чебер колдор" коомдук бирикмеси канча жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет? Бирикмеде канча айым бар?
— 2001-жылы "Чебер колдор" коомдук бирикмеси уюштурулган. Уюмда 15 кол өнөрчү бар. Ар түрдүү тренингдерге барып, мастер-класстарды өткөрүп турабыз. Алардын ичинен үчөөндө шырдак жасоо ЮНЕСКОнун сапат белгиси сертификаты бар.
— Чет өлкөдөгү өткөн көргөзмөлөргө дагы катышып турарыңыздан кабарыбыз бар. Кайсы өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышып келдиңиздер?
— Бир топ өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөр көргөзмөлөрүнө катышып келдик. Германияда, Түркияда, Казакстанда, Дүйшөнбүдө болдук. 5 жылы катары менен Венгрияда өткөн дүйнөлүк кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышып келдик. Чет өлкөдөгү жарманкелерге катышууда жасалган эмгектин сапаты эң биринчи орунда турат. Ошондуктан жасалып жаткан буюмдун сапатына өзгөчө көңүл бурулат.
— Шырдактан башка дагы кандай буюмдарды жасайсыздар?
— Жүндөн баш кийимдерди, моюн орогучтарды, тапичкелерди, сувенирлерди, оюнчуктарды жасайбыз. Көргөзмөлөргө чыгып турабыз.
— Дүйнөдөгү эң чоң шырдакты жасаганыңыздар тууралуу укканбыз. Ошол боюнча кенен маалымат айтып берсеңиз.
— Диаметри 11, салмагы 300 килограмм болгон тегерек шырдак дүйнөдөгү эң чон шырдак деп аталды. Такай 6 уз отуруп жасап жатты, ал эми дагы жардамчылар кошулуп жалпы 15 адам болуп 2 айдын ичинде жасалып бүттү. Бул шырдак Ысык-Көлдө боз үй формасында курулган конок үйүнүн ичин улуттук стилде жасоо максатында атайын буюртма менен жасалган болчу.
— Көлөмү орточо шырдакты канча күндө жасап бүтөсүздөр?
— Бир шырдакты бир аптада жасап бүтө алабыз. Кийиз жасоодон баштап, шырдакты шырып, жөрмөп, кыскасы бир аптанын ичинде даяр кылса болот.