Адам өзүн жакшы сезүү үчүн күн сайын он миң кадам басышы керек дегенди орусиялык дарыгер Евгений Ачкасов четке какты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Дарыгер Евгений Ачкасовдун айтымында, күн сайын он миң кадамдын ылдамдыгы баарына ылайык келе бербейт. "Кимдир-бирөө күнүнө 5 миң кадам басышы керек, башкасы 10 миң, дагы бири 15 миңди. Жөө басуу адамдын физикалык кыймылынын деңгээлине жана ден соолугунун абалына жараша болот. Башында азыраак кадамдардан баштап, басуу темпке көңүл буруу менен аралыкты акырындыктан көбөйтсө болот", - деп түшүндүрөт илимпоз.
Дарыгер эң башкысы жөө басууда адамда калория көбүрөөк интенсивдүү сарпталып, ашыкча салмак кетерин баса белгиледи. Ошондой эле физикалык активдүүлүк жетишсиз, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана респиратордук оорулар, гипокинезиянын да алдын алуу үчүн көбүрөөк кыймылдоо керектигин сунуштады.