Өкмөттүн 2015-жылдын 2-декабрындагы №819 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 14-беренесине ылайык, Нургүл Кермакунова 2020-жылдын 21-августунан тартып 4 жылдык мөөнөткө "Улуттук доппингге каршы борбор" дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Кермакунова Нургүл Асанбековна 1969-жылы 3-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1995-жылы баштаган. 2004-2013-жылдары "Кыргызстан аба жолдору", "Кыргызаэронавигация" медициналык комиссиясынын функционалдык диагностика боюнча эксперт-доктуру болуп иштеген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин административдик департаменттин жана РБКнын клиникалык ооруканасында функционалдык диагностика боюнча адис, чарбалык эсептөө бөлүмүнүн функционалдык диагностика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ошондой эле ар кандай эл аралык конференцияларга катышкан.