Эртең, 17-сентябрдан тарта "Түндүк электр" ишканасы карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы 6 300 турмуш-тиричилик абонентин, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.
"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз", - деп билдиришти ишканадан.
Белгилей кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот.