Видеодо Варламов Бишкек шаарындагы бир топ кемчиликтерди айткан.
Берүү борбор калаанын көптөгөн жагдайларын сындоо менен башталган.
Мындан тышкары ал 1 сааттык берүүсүндө Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короолорун, сейил бактарды жана айдоочулардын бири-бирине жасаган мамилесин бир топ сындаган. Ошол эле учурда "Ош базарында" түркүн-дүйүм жашылча-жемиш, мөмөлөр, кургатылган мөмөлөргө кызыгуу арткан. Бишкектин элин өтө меймандос, ак көңүл деп сыпаттап: "Жаман шартта жашаган жакшы адамдар" деген. Муну менен катар эле мэрияны шаардын курулушундагы бир катар кемчиликтерди жоюуга чакырган.
Буга чейин Илья Варламовдун Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгыны боюнча айтканы кызуу талкууга алынган. Анда ал айдоочулар унаа тыгынына карабай сигналдарын басып жатканын, патрулдук милицияга баш ийбей жаткандыгын айтып таң калган.