"Apple" компаниясы өзүнүн "акылдуу" сааттарын Watch Series 6, iPad көрсөттү. Бул тууралуу компаниянын генералдык директору Тим Кук билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, аталган компания өзүнүн продукциясынын бет ачарын адаттагыдай эле сентябрь айында өткөрдү.
Алгач Apple Watch сааттары көк, кызыл жана алтын түстөгүлөрү жеткиликтүү болот. Баасы 399 доллардан (болжолдуу 31 миң 537 сом) жогору болмокчу.
Ал эми сааттагы "кандагы кычкылтекти өлчөө" тиркемеси 15 секундда кычкылтектин деңгээлин өлчөйт. Булардын баасы 279 доллардан (болжолдуу 22 миң 52 сом) жогору болмокчу.
Мындан сырткары бет ачарда iPad 2020 жана iPad Air 2020 планшеттерин көрсөттү.