Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажын жарыялаган.
Анда Варламов Бишкек шаарындагы аллеялардан тартып үйлөрдүн короосу, парктарга чейин сындаган. Ал шаарды өнүкпөй калган деп сыпаттап, көп жагдайлардын көрүнүшүнө түшүнбөгөнүн айткан. Ошол эле учурда шаардагы кадам сайын кезиккен жарнамалык баннерлер калаанын көркүн бузарын белгилеп, Бишкек шаардык мэриясын көптөгөн кемчиликтерин жоюуга чакырган. Ушул тапта анын видеорепортажы коомчулук арасында талкууга алынууда.
Ал эми мэрия өз дарегине айтылган мындай сынды кандай кабыл алды? Бул суроого Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына жооп берди.
"Биз, шаардык мэрия биздин дарекке айтылган ар бир сынды туура кабыл алабыз. Ошону менен катар эле бардык блогерлер менен достук мамиледебиз. Анткени ар бир көйгөйдү маселени алып чыккан блогер биздин шеригибиз, көмөктөшүбүз деп билебиз. Алар көйгөйдү алып чыгып жатышат, бул нерселер биздин жумушту оңдоого, алдыга жылуусуна салым кошот. Ар бир сын-пикирди туура кабыл алып, ошого жараша иш алып барганда гана биздин жумуш алдыга чыгат. Ал эми Илья Варламов менен биздин мэр экөө жолугуп 5 сааттан ашык сүйлөшүштү. Ал экөө тең архитектураны жакшы түшүнгөн адамдар экен. Бири-бирин жакшы түшүнүштү. Ал биздин пландарыбызды, идеяларыбызды, паркты реконструкциялоону укту жана ага аябай жакты. Варламовдун биздин өлкөгө келиши, шаар жөнүндө тарткан видеорепортажы бир четинен биз үчүн да сабак болот деп ойлойм. Биздин өлкө эки революцияны баштан өткөрдү, шаар күйүп эле кеткен да, биз ошого карабастан кайра шаарды калыбына келтирүү, аны оңдоо иштери менен алек болуудабыз", - деп билдирди Гуля Алмамбетова.