Кечээ, 16-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болуп өттү. Ага 5 партиянын - "Социал-демократтар", "Мекенчил", "Ыйман-Нуру", "Республика" жана "Ордо" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышты.
Аларга "Жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебей туруп, экстремизм, терроризм коркунучтарына кантип каршы турса болот?" деген суроо берилди.
"Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбеков:
"Бул оор маселе. Кыргыз жарандары Сирияда көп жүргөнү белгилүү. Бирок алар эмне үчүн кетип жатышат? Алар туура эмес динге түшүп кетишкен жок. Мамлекеттин алсыздыгынан, бийликтин элге болгон кайдыгер мамилесинен улам кетип жатышат. Себеби алар террорчу болгондугу үчүн 10 миң, 5 миң доллардан беришет экен. Бул биздин жарандарга көп акча көрүнүп, балдарымдын курсагы ток болсун, ачка калбасын деп кетип жатышат. Ошол учурда канча деген акча өлкөдөн уурдалып кетти. Ал эми өлкө башчы факты сурап отурат. Саясий партиялар динге аралашпашы керек. Биздин партияда мындай программа жок. Биздин партиянын негизги программасы жакырчылык менен күрөшүү. Себеби биздин өлкөдө жумушсуздук көп болгондуктан ошол жактарга жарандарыбыз кетип жатат. 30 жылдан бери ушул маселелерди көтөрүп чыккан бийлик болгон жок. Президент өзү ыймандуу болуп, мечиттердин мектептерден көп болгону жакшы деп айтып жүрөт".
"Мекенчил" партиясынан депутаттыкка талапкер Бактияр Калпаев: "Биринчиден, Кыргыз мамлекетинин жарандарынын эң көп пайызын мусулмандар түзөт. Биз экстремизм деп туура багытта жүргөн ислам динин карманган адамдарга сөз тийгизип албашыбыз керек. Эгерде туура эмес багытта бара жаткан адамдар болсо, алар эмне себептен баратат деген суроону коюшубуз керек. Биздин мамлекет бул тармакты сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышы зарыл. Анткени ошол эле Сирия жана башка жакта болуп жаткан окуялар мунун эң негизги себеби биздин бүгүнкү күндөгү экономикалык абалыбызга байланыштуу. Тилекке каршы, азыр экономикабыз ыйлагыдай абалда турса, башка кыларга жумуш жок болсо, кайсы бир туура эмес багытта жүргөндөр кээ бир адамдардын башын айлантып кетип жатат. Шайлоо алдындагы платформада Кыргыз мамлекетине сырттан кайсы бир деңгээлде коркунуч болсо, мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышы керек".
"Ыйман-Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Шумкарбек Адилбек уулу: "Эң биринчиден, биздин партиянын аты айтып тургандай, "ыйман" деген сөздүн түпкү мааниси ишеним дегенди билдирет. Адилеттүүлүккө ишенүү деген мааниде. Ар бир адам кайсы динге ишенери өз эрки, бул принципти биздин партия колдойт. Биздин өлкө светтик мамлекет деп так жана кесе белгиленген. Биз динди туура жеткире билишибиз керек. Адамдарга бурмаланбаган туура маалыматты жеткире билсек, ошондо гана ар бир адам тандоосун өз алдынча кылып алат. Ошондуктан биз экстремизм маселесин туура жана так жеткирип алсак, туура жыйынтыкка келебиз деп ойлойбуз".
"Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Аяз Баетов: "Биринчиден, ар бир жарандын дин жолуна түшүү боюнча өзүнүн укугу бар. Мамлекет өзүнүн ишин туура эмес аткаргандан улам ушундай маселелер келип чыгууда. Себеби мамлекеттик кызматкерлер жарандарыбыздын көйгөйүн чечпей калган. Экинчиден, улуттук коопсуздукка коркунуч болсо, анда бул УКМКнын иши. УКМК экстремизм маселесин өзү эле чечип койсо болот. Бирок алар азыр дарыгерлердин артынан же башка иштер менен алектенип жүрүшөт. Алар адис катары чалгындоо иштери менен алектениши керек. Биздин программада экономикалык маселени чечүү каралган. Биз аларды чечкенде гана ушул маселени ооздуктай алабыз".
"Ордо" партиясынан депутаттыкка талапкер Кубанычбек Мурзакматов: "Баса белгилеп кетчү жагдай, биз светтик республикабыз. Биз эч бир динге байланган эмеспиз. Бизде дин эркиндиги бар. Бул Конституцияда дагы жазылган. Көйгөй кайда турат? Көйгөй адамдарда эмес, мамлекеттик системде турат. Бизге белгилүү болгондой, ислам дининде агымдар көп. Ошондой эле христиан дининде дагы. Биздин адамдардын дин сабаттуулугу аз жана жетпей жаткандыгынан. Биз балдарды мектептен баштап кандай жол туура же туура эместигин түшүндүргөн сабак беришибиз керек. Адамдын дин сабаттуулугун жоюу зарыл. Биздин планда билим берүү тармагында балдарга дин сабаттуулугун жоюу максатында окутуу бар".