Япониядагы сейил бактардын бирине айнектен даараткана курулду

Японияда дубалдары айнектен болгон коомдук дааратканалар иштей баштады. Мындай дааратканаларды орнотуу Токиодо өтө турган Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга байланыштуу деп жазышат батыш маалымат каражаттары.

Жаңы типтеги дааратканалар Токионун Сибуя районундагы Йойоги-Фукамачи сейил багына орнотулду, анда үч орун бар. Дааратканада бош орундардын бар же жок экенин, ичиндеги тазалыгын сыртынан эле көрсө болот. Кызыгы, адам даараткананын ичине киргенде анын дубалдары автоматтык түрдө тунук болбой калат.

Японияда коомдук дааратканалар акысыз иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Majit1975
2020-09-18 08:37:48
Мына сага
+5
Almaz-pazilbaiuulu
2020-09-18 10:51:18
Орусча смарт стекло деп койот
Таңгала турган нерсе эмес биз деле жасап койсок болот
-1
Majit1975
2020-09-18 15:00:21
Almaz-pazilbaiuulu,жасап кой
+2
Islam98
2020-09-18 19:56:30
Ачык асман алдында сыртта отуп бара жаткандарга кол булгап отура берет экен да
+1
Nurelmadina
2020-09-18 21:11:41
Кочмондор ойунуда бизде бир туалетке канча акча короту еле есимде жок япондор канча акча кеткенин жазбаптыр го
0
Janyl98
2020-09-18 21:13:37
Сонун турбайбы. Ичинде киши бар жогун сырттан эле билип турат экенсин. Япондар акылдуу билимдуу эл экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан