Орусия өлкөгө кирүү эрежесин өзгөрттү

Орусиянын бийлиги өлкөгө кирүү эрежесин жеңилдетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн жыйынында премьер-министр Михаил Мишустин чет элдиктер Орусиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо, визаны оңой жол менен алууга мүмкүн экенин жарыялады.

Анын айтымында, жакын туугандарга жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары, чоң ата, чоң энеси же неберелери кирет.

"Мындай тууганы бар адамдар визаны бир жылдык мөөнөткө чейин ала алышат. Ал үчүн чет элдик жарандын тууганы кат менен гана кайрылышы керек", - деп билдирди Мишустин.

Мындан сырткары виза алуу укугун сактап калуу үчүн ар үч ай сайын Орусиядан чыгып, кайра кирүүнү талап кылган эреже мыйзамдан алып салынмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlanbekkk
2020-09-17 20:08:41
Качан мурдагыдай режимде иштеп баштайт экен?
+1
nur_zhoni
2020-09-18 22:19:37
Кыргызстандан кантип россияга кетсе болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан