Орусияда аял мас абалда коляскадагы баласы менен ийгилик жаратам деп, ымыркайын жабыркатты (видео)

Орусиянын Тула шаарында мас аял коляскадагы баласы менен сейилдөөгө чыгып, кооптуу аракеттерди жасоо менен өспүрүмдөрдүн видеосуна тартылып калган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

15-сентябрда Тула шаарынын тургуну скейт сейил багында мас абалда коляска менен трамплинге чыгууга аракет кыла берген, бирок майнап чыккан жок. Бир нече ийгиликсиз аракеттердин натыйжасында бала коляскадан кулап түштү. Ымыркай ооруканага жаткырылган, анын өмүрүнө коркунуч келтирилген эмес.


"Жыгылуунун кесепетинен ымыркай жаракат алган. Анын энесине Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" беренеси боюнча аялдын
аракетине процессуалдык чечим кабыл алынып, укуктук баа
берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akinaika
2020-09-17 21:47:45
Эхх.. Зарлап какшап балага жетпей журсо биякта, ушундайлар эле кантип эне болуп алышат((
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан