Байыркы мезгилден бери биринчи жолу 1896-жылы өткөрүлгөн Грециядагы заманбап Олимпиада оюндарынын медалы АКШдагы аукциондо 65 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Медалдын алдыңкы бетинде Зевс Кудайы жана "Олимпия" деген жазуу, ал эми арткы бетинде "1896-жылы Афинадагы Эл аралык Олимпиада оюндары" деген жазуу болгон. Салт боюнча ошол учурда сыйлыктар атайын диплом жана зайтун же лавр гүлчамбасы менен коштолгон.
Аукциондо сатылган медаль грек спортчусу (жөө күлүгү) Георгиос Цицаска ыйгарылганы белгилүү болду.
Бостондо жайгашкан RR Auctions компаниясынын өкүлүнүн айтымында, Афинадагы биринчи заманбап Олимпиада оюндарынын медалдары өтө сейрек аукционго коюлат. Алардын жогорку тарыхый жана көркөм баалуулугу жеке коллекционерлер арасында спорттун бул түрүнө чоң суроо-талап жаратат.