Коопсуздук кеңешинин катчысы: "Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясы жемкорлукка каршы күрөшүү үчүн гана эмес, анын алдын алуу иш-чараларын да ичине камтыйт"

"Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясы жемкорлукка каршы күрөшүү үчүн гана эмес, анын алдын алуу иш-чараларын да ичине камтыйт" деп Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы Мамлекеттик стратегиясы жөнүндө комментарий берип жатып айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жаңы стратегиясы бүгүн, 17-сентябрда Коопсуздук кеңештин жыйынында жактырылды.

Документ Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан көз карандысыз эксперттердин катышуусунда даярдалган.

"Стратегиянын максаттарына жетүү 2024-жылга карата коррупциянын деңгээлин аныктаган дүйнөлүк рейтингдеги позициябызды 30 пайыздан ашык деңгээлге көтөрүүгө, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарга болгон элдин ишенимин 50 пайызга көтөрүүгө мүмкүндүк берип, жарандардын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатат", - деди ал.

Анын пикиринде, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу бардык тармактарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, анын ичинде социалдык-экономикалык тармактарга да оң таасирин тийгизет.

Өлкөдө укук коргоо органдарын реформалоо боюнча өзүнчө иш-чаралар аткарылып келе жатат.

"Тактап айтканда, өткөн жылы Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматы түзүлүп, ал жакшы натыйжаларды көрсөттү. Андагы коррупциялык көрүнүштөр минимумга чейин кыскартылды. Акыркы 1 жарым жылдын ичинде биз чындыгында эле ички иштер органдарынын кандайча реформаланып жаткандыгын көрсөтө алдык", - деди Дамир Сагынбаев.

Учурда Ош шаарынын Патрулдук милициясына сынактык тандоолор жүрүп жатат жана 1-декабрдан тарта ал түштүк борбордо да иштеп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан