Бүгүн, 17-сентябрда социалдык тармактарда Гвинеянын президенти өлкөнүн эмгек министрин көчөдө сабап жаткандыгы тууралуу видео тарады.
Анда видеого "Африканын Гвинеясында президент Альфа Конде эмгек министрин көчөнүн так ортосунда сабады", - деген түшүндүрмө берилген. Ал эми окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы министрди өз милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жана жумушка шалаакылык мамиле жасады деп айыптап, өзүн кармана албай, аны көчөнүн так ортосунда сабай баштаган.
"Ал эми министр катуу соккудан качып кетүүгө аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.