Мьянмада эки баштуу наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Нейпьидо районундагы төрөтканалардын биринде 29 жаштагы Санда Мьин эркек баланы жарык дүйнөгө алып келген.
Төрөткананын дарыгери Ю Тун Тундун айтымына караганда, наристенин салмагы 2 килограмм 500 грамм. Наристени сиам эгиздерине окшоштуруу мүмкүн эмес. Анткени балада органдары бир комплект болгон. Ал эми сиам эгиздеринде ички органдары эки комплект болот. Ошондой эле наристеге атайын көзөмөл керек.
Наристе төрөлгөн соң аны борбордун атайын медициналык жайына жеткиришкен. Учурда анын абалы жакшы экенин дарыгер кошумчалаган.