Кытайда уурдалган уулун ата-энеси 38 жылдан кийин тапты

Кытайда улгайган ата-энелер 38 жыл мурун уурдалган уулу менен жолугушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Кытайдын Шэньси провинциясындагы айылдык үй-бүлөнүн эки жаштагы Джин Шуй аттуу баласын 1982-жылы уктап жаткан жеринен уурдап кетишкен.

Анда ошол күнү үйдүн ээси конокко кетип, үйдө аялы, кызы жана баласы калган. Алар үйдү бекитип жатышкан эмес. Таңга маал апасынын жанында уктап жаткан уулу дайынсыз жоголгон. Бирок издөө иштеринде үй-бүлөнүн уулу табылган эмес.

38 жылдан кийин полиция кызматкерлери 70 жаштагы ата-энеге уулун таап беришкен. Алар муну ДНК аркылуу да аныкташкан. Ал эми табылган жаран ата-энесинен миң чакырым алыстыкта жашап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saiit
2020-09-18 15:51:47
Кытайларын Баары жоголуп кетсе жакшы болот эле Бирок бул дунуйго тарап жоголсо бул дунуйону бут басып алат! Тугонбогон айагы жок калк Бирок озу нукура Кытай калкы боголу 95000000 гана!Калганы башка улуттар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан