Тамеки тизүү, ыр кеседе көңүл ачуу, колхоздун иши: 28 жыл мурунку макал айткан видеосу талкууга түшкөн Ташбү Каразакова менен маек

Интернетте азыр да актуалдуулугун жоготпой, популярдуу болгон эки адамдын ыр кеседе макал айтышып жатканын чагылдырган видео бар. Анда куйкум сүйлөп, бири-биринен калышпай макал айтышып жаткан айымдар көрөрмандарга кызык. Алардын бири Ташбү Каразакова. Биз эжени атайын жашаган жери Ноокат районуна издеп барып, аны менен пикир алыштык.

- Ташбү эже, ыр кеседе макал айтып жаткан видео азыр да абдан популярдуу экени сизге да маалым болсо керек. Көрөрмандарга кызык, видеодогу ыр кесеге кантип тартылып калдыңыз эле?

- Илгери колхоз-совхоздордун ортосунда маданий массалык иштер көп болгон. Ошондо районубузда колхоз менен спецхоз деген бар болчу. Анда айыл аялдарынын ортосунда ыр кесе сыяктуу берүү болуп, макал-лакап айтышууга даярданган эжеке кечеге келбей калгандыктан мени кокустан эле сахнага чыгарышкан. Анда да кыргыз тилчи мугалим менен айтышып калган экенмин.

Айтышып отуруп, экөөбүздүн тең макал-лакаптарыбыз түгөнүп калганда, мен мынтип айтканым эсимде: “Чечме-Сайда чечен көп, спецхоздо кекеч көп, Чечме-Сайда чебер көп, спецхоздо бечел көп” дегенимде калыстар жеңишти биз тарапка берип койгон. Анткени биздин айылды Чечме-Сай деп коёт. Андан бери 30 жылга чукул убакыт өтүп кетти.

Андагы макал айтышууда Ноокат райондук Маданият үйүнүн башчысы мени баамдап калып, кийин бир, эки жыл өткөн соң Республикалык ыр кесеге чакырып, макал-лакап айтышкыла деп сунуш киргизген. Чынында макал жаттагыдай ыр эмес да, ал кокусунан, кырдаалга жараша өзү келет.

Солдон оңду көздөй биринчи Кайрыниса Каримова экинчи Ташбү Каразакова

- Сиз менен макал айтышкан эжеке да окурмандарга кызык. Ал тууралуу да айта кетсеңиз.

- Тилекке каршы, мени менен макал айтышкан эжеке Кайрыниса Каримова оорудан улам раматылык болуп кетти. Ал кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болчу. Экөөбүз тең бир райондон элек. Абдан жакшы айтышканбыз.

- Көргөн адам токтобой бири-бириңиздерди улап айтып жатсаңыздар, жаттап даярданышса керек деген да ойго кептелет. Алдын ала даярдык болду беле?

- Экөөбүз тең атайын жаттаган эмеспиз. Болгону аял жөнүндө, эмгек жөнүндө, жалкоолук жөнүндө айталы деп чоң темаларга басым жасап, келишип алганбыз. Анан бири-бирибизди колдоп кеткенбиз. Жыйынтыгы элге жагып, жакшы пикирлер көп болгон, буга абдан ыраазымын.

- Ооба, маңыздуу макал айтышуу болгон экен. Анда эки адамдын бири макал айтып, сөз сөөлөтүнө өзгөчө басым жасалчу да. Сиздин пикирде макал айтышуу азыр сейрек болуп бара жаткан жокпу?

- Азайып эле эмес, такыр эле жокко эсе болуп калды. Илгеркилердин бир эле сөзү менен көп нерсе түшүнүктүү болчу. Бирок азыр буга биздин жаштар көңүл бурбай калды. Интернеттешип дейбизби же европалашып дейбизби, алардын таасиринен улам кыргыздын баалуулугу, салттары ушундай макал-лакап айтышканы чынында жоголуп эле бара жатат. Азыр бир макалды айтсаң жаштар түшүнбөйт.

Мисалы, “Кызга кырк үйдөн тыюу” десе, “Эмне үчүн мени бир айылдан кырк үйү тыйыш керек?” деп кыз айтат. “Азыр биз заманга ылайык жашашыбыз керек, интернеттин заманы” деп мурдакы болгон нерселерди жаштар моюнга алгысы келбейт. “Жаздын бир күнү бир жылды багат” деп коёт, “Жакшы болсо катының, келип турат жакының. Жаман болсо катының, келбей коёт жакының” деген укмуш философияны өз ичине камтыган накыл кептер бар. Бул эми аялга байланыштуу болсо, эркекке байланыштуу “Катын албай, кайын ал” деп коёт . Макалдар өтө эле көп, “Энесин көрүп, кызын ал” дейт, “Сууну сиңген жерге сеп, кепти укканга айт” дейт.

Төкмөлөр төкмөнү айтат, ар биринин өзүнүн өнөрү бар. Анын ичинен макал айтуу дагы өзүнчө бир талант. Макалды дагы жөн эле айтып койбостон, өзүнүн мимикаларын келтирип, уккан адамга жеткирип айтсаң, макалдын чыныгы маңызын ачасың.

- Видеодогу сизди көрүп, макал айткан сизсизби, кантип айтып калдыңыз эле деп азыр да сурап, кызыккандар болобу?

- Макал айтышууну чагылдырган видеону интернет желесине ким койгонун билбейм. Айылга бара жатсам же көчөдө бара жатсам "биз сизди телевизордон көрдүк, интернеттен көрдүк, макал айтышкан видеоңузду көрдүк" дешсе, кээ бирлери мен экениме ишенишпей таңыркашат. Чынында буга кызыккандар абдан көп болду. "Кантип айтып калдың, кайсы жерде айттың, качан айттың?" деп кызыгып сурашып, жылуу пикир айтышат. "Ошончонун баарын кантип жаттадың?" дейт, айтор суроо берип калышат.

Ал жерде мен макалды беш мүнөт эле айткам. Эгер мени менен айтыша турган адам болсо, беш мүнөт эмес, беш күн болсо да айтышууга даярмын. Айтыша берем. Анан жолдошум: “Эй, сен жөн сүйлөйсүңбү?” дейт. Антсе дагы бир макал айтам. Бул деле бир талант го деп ойлойм.

- Өзүңүз тууралуу да айтып кетсеңиз?

- Мен Ноокат районунун Кара-Таш айылынын кызымын. Жогорку билимдүүмүн. Жолдошум жана 5 балам бар. Химия, биология боюнча мугалим болуп иштеп, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп жүрүп эс алууга чыктым. Кичинемден апама жардам берип, андан дарыгерчиликти өздөштүрдүм. 15 жашымдан бери эле элди дарылап келе жатам. "Салбуурун" федерациясынын мүчөсүмүн, жаа атам. 60та болсом деле аткан жааларым таамай, так тийип жатат (күлүп).

- Беш мүнөт эле макал айтыштым, беш күн деле макал айтышууга чынында даярмын деп айтып калдыңыз. Албетте, бул уникалдуу өнөр. Мындан улам сиздин муунда сөз кадырлаган адамдар болгонбу же көркөм китептерди көп окуп, макал жаттайсызбы?

- Макал-лакап айтканга менин апам чебер болгон. Ал таамай, так, куюлуштуруп сүйлөчү. Ал эми мен болсо көркөм китептерди көп окуйм жана көп окугам. Бала кезибизде тамеки болчу эле ал убакта түнкү саат 2ге чейин тамеки тизип, андан кийин саат бешке чейин китеп окуп, кайра тамеки тизүүнү улантчумун. Өрүк какканы өрүктүн үстүнө чыксам, өрүктүн шагына китепти илип койчу элем. Анда азыркыдай баштык жок болчу, китепти жоолукка байлап, өрүктүн шагына байлап коюп ишимди уланта берчүмүн.

Тамеки талаасына барганда талаадагы чоң-чоң кесектердин арасына китебимди бекитип коёр элем. Ар дайым китеп мени менен кошо жүрчү, азыр деле жанымда китеп ар дайым болот. Китеп окуганда китептин ичиндеги каарман болуп, ал ыйласа ыйлап, сооронсо сооронуп, ийгиликке жетсе ийгиликке жетип түйшөлүп окучумун, азыр да ошентип окуйм. Мени тарбиялаган апам жана жазуучулардын чыгармалары болду.

- Ыр кесе сыяктуу долбоорлор азыр жокко эсе да. Азыркы жылдар менен ошол жылдарды салыштырып айта аласызбы?

- Ал мезгилде интернет болбогондуктан маалыматты биз радио, телевизор жана гезиттен алчубуз. Азыркы жаштар маалымат алганга жетишпей жатат. Маалымат ушунчалык көп, сайт, интернет жана башка. Чыныгы нукуралуулуктан алыстап кеттик. Мындай иш-чаралар айыл жергесинде дагы болбой калды.

Азыр республикалык деңгээлде эки районду жарыштырган форматта Сармерден өтүп жатат. Ошондо айтылган макал-лакаптарга менин купулум толбойт. Бирден, бирден жаттап алып айтышат. Макалды жаттап айтып коюш оңой эле да. Ар бир райондон бирден адам чыгарып экөөнү айтыштырганда, чыныгы макалдын маңызы, чыныгы күрөш, чыныгы мелдеш болмок. Бул жасалмалуулук болуп калып жатат. Ушинтип отурсак кийинки биздин муунубуз макал менен лакаптын айырмасын билбей, аны айтпай, түшүнбөй калышы мүмкүн.

- Оорунун баары ооздон дейт. Дарыгер катары ден соолук боюнча окурмандарга кеп-кеңешиңиз менен бөлүшө кетсеңиз. Мисалы, туура тамактануу боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Ар бир адам ден соолукту жогору койсо, "оорубайм десең оозуңду тый, анан оюңду жый" деп айткым келет. Оозду эки нерседен тыят, керек эмес деген, мүмкүн эмес деген тамакты жебеш керек. Арак, сигарет, куурулган тамак, туздуу тамак буларды болушунча жебей коюу пайдалуу. Мен адамдардын тамырын кармап, аларга жараша диета жазып берем. Өтө тоюп алган да зыян. Азыр кола дегенди ичип жатышат. Ал болбойт, ичпеш керек. Жаш балдарга дагы бербеш керек, алардын иммунитети түшөт. Андан кийин экинчи ооз тыюу, жаман сөздөн тилди сактоо. Сен бирөөгө жаман сөз сүйлөсөң, ал сага андан өткөрүп сүйлөйт. Ошондон сен капа болосуң, ошондуктан башка бирөөгө жаман сүйлөөнүн кереги жок. Бирөө сага жаман сүйлөсө, сен жооп кайтарба. Анткени чыр-чатак андан ары уланбай, ошол боюнча токтойт. Ойду дагы жыюу маанилүү.

Ташбү Каразакова жолдошу Араппай Тагаев менен

Ар нерсени ойлобой, жакшы ойго орун берүү керек. “Мен көп жашайм, ден соолугум чың болот, мынча балалуу болом” деп жакшы ойлоп, жашоону программалап коюш керек. Жаратканым кайсы бир күнү тилеген тилегибизди, максатыбызды берет. Алла Таала пенделерим эмнелерди сурап жатыптыр, аны берейин дейт экен. Болгону биз сурабайт экенбиз, суроону билбейт экенбиз. Кээде таң калам тамакты жеп туруп эле оомийин деп туруп кетишет.

Бекеринен "Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында" деп айтылган эмес. Ошондуктан Жараткандан сурай билели. Биз жалкообуз, өзүбүздү окуп үйрөнөрдөн мурун башканы изилдегенди жакшы көрөбүз. Андан көрө өзүбүздү изилдесек жашоо жеңил. Жашоону биз, адамдар, өзүбүз эле татаалдатып алат экенбиз. Ден соолукту таза сактоо, туура тамактануу, ойду таза кармоо, көрө албастык, ичи тардык дегенди жок кылсак көпкө жашайбыз.

“Күйөөм жөн сүйлөйсүңбү деп тилдесе жооп катары оозуман кайра макал чыгат” дейт Ташбү апа
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Batma.Sh
2020-09-18 16:39:08
Өтө сонун!Көргөн сайын көргүң келет.Өмүрүңүз узун болсун эже.
+7
Reebok-citi
2020-09-18 17:37:56
Өмүрүңүз узун болсун эже
+5
PeRa
2020-09-19 10:43:40
Эже, ден-соолугуңуз чың болуп, бизге акыл насаат айтып, жүрө бериңиз.
+4
zilish_kg
2020-09-19 17:41:14
Кандай гана сөздөр, эженин өмүрү узун болсун.
+1
Akzinat
2020-09-20 00:09:36
Азаматсыз эже! Омурунуз узун болсун! Суктанып буто албай жатам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан