Коңшу Казакстанда куш тумоосунан үй канаттуулары кырыла баштады

Казакстандын Түндүк-Казакстан облусундагы жети райондо 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин үй канаттууларынын массалык өлүмү катталып, аталган аймакта жогорку патогендүү куш тумоосу жайылып жатат. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ветеринардык бөлүмдүн башчысы Берик Альжановдун айтымында, буга чейин жети миң канаттуу кырылган. Ал эми азыркы учурда канаттуулардын өлүмү жөнүндө маалымат топтоо башталды.

"Азыркы учурда вирус токтой элек, канаттуулардын өлүмүнүн саны күн сайын өсүп жаткандыктан бардык облустарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлө баштады. Ал эми вирустан өлгөн канаттууларды жана текшерүү убагында зыян тие турган болсо төлөнүп берилет", - деген Альжанов.

Өлкөдө оору күч алып жаткандыктан канаттуулардын этин жана жумурткасын сатууга, жегенге болбой тургандыгы айтылган. Ошондой эле куш тумоосу болгон жерлер карантинге алган.

Буга чейин Орусиянын Омск шаарында куш тумоосунан канаттуулар кырыла баштаганда, ал тараптан Казакстанга эт жана жумуртка алып келүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан