Борбордук Европадагы Силезия медициналык университетинин кызматкери, сексолог Беата Врубель интимдик мамиленин эң маанилүү тогуз артыкчылыгын санап берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сексологдун айтымында, байма-бай жыныстык катнашта болуу адамдын дене боюна, психикалык абалына оң таасирин тийгизип, стресстен арылууга көмөктөшөт.
Цюрих университетинин изилдөөсүнө ылайык, стресстин жаралышына таасир этүүчү кортизол гормону интимдик жашоосу активдүү адамдарда аз экени аныкталган.
Врубель белгилегендей, адамдын каалоосу жанып, дүүлүккөндө сезимдер күчөйт. Ошондуктан секс мамилени жөнгө салуунун, тереңдетүүнүн күчтүү куралы болуп саналат.
"Интимдик жакындашууда жылмаюу, эротикалык баарлашуу, укалоо, сылап-сыйпоо, эркелетүү жана башка адамга ырахат тартуулаган нерселер болот", - деп кошумчалаган ал.
Ошондой эле сексуалдык байланыш организмдеги негизги антителалардын деңгээлин жогорулатат. Пенсильвания штатындагы Уилкс университетинин изилдөөсүнө ылайык, аптасына бир жолу болгон жыныстык катнаш иммуноглобулин A (IgA) деңгээлин 30 пайызга көбөйтөт. Ал организмди вирустардан жана патогендик бактериялардан сактап, адамды инфекцияларга азыраак кабылуусуна шарт түзөт.
Жыныстык катнаш учурунда ар кандай булчуңдар, анын ичинде жамбаш булчуңдары кыймылга келет. Бул аял-эркекте тең ич катууну алдын алып, табарсыктын бекем болушуна жардам берет.
Мындан тышкары интимдик байланыш иммундук системди чыңдап, жүрөккө жакшы таасирин тийгизип, калорияларды азайтууга жардам берет. Ошондой эле уйкунун сапатын жана мээнин иштешин жакшыртып, ар кандай ооруларды басаңдатат.