Италияда 21 жаштагы кыз кош бойлуу экенин 8 айдан кийин буту шишип дарыгерге кайрылганда билген

Италияда 21 жаштагы кыз буту шишип кеткендигинен дарыгерге кайрылып, боюнда бар экенин билген. Бул тууралуу жергиликтүү оорукананын рентгенологу интернет баракчасына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы кыз буту шишип кеткенин байкап, терапевтке кайрылган. Аны экспертизага жибергенде күтүлбөгөн жерден кыздын ден соолугу кескин начарлап кеткен. Ал эсин жоготуп, талма оорусу кармап, дене табы төмөндөгөн. Дарыгерлер аны дем алдыруучу аппараттын жардамы менен ооруканага жеткиришкен жана аны операциялык жол менен төрөтүшкөн.

Кыздын апасынын айтуусу боюнча, кыз бойго бүтүрбөөчү дары ичип жүргөн. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө дарыгерлер анын кош бойлуулугу төрөттөн кийинки мезгилдерде пайда болгон эклампсияга (кош бойлуу аялдардын талма оорусуна чалдыгышы) чалдыкканын түшүндүрүштү.

Бейтап эсине келип, абалы турукташканда гана кош бойлуу экенин билген. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө калып, ымыркайы неонаталдык жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Буга чейин 31 жаштагы британиялык аял жети чакырымдык жарыштан кийин көз жарган. Ал толгоосу башталганда аябай таң калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2020-09-18 23:41:46
Ушундай аңкоолорго таң калам.Кантип эле 8 айга чейин бир да бала кыймылдабады экен,кантип эле менструация токтогондо билбеди дөөпарас
+4
Kamalina
2020-09-19 07:20:03
Ушундай да болот экен да э
0
nazira...
2020-09-19 18:08:51
Болбогон соз, кантип эле билбесин, психический оорулу окшойт
0
Bak.taalai
2020-09-21 23:17:02
Хай катын келтиреткен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан