Орусияда эки пенсионер кофе ичкени балконго чыгып, үчүнчү кабаттан кулап түшүштү

Орусиянын Корсаково аймагында балконго кофе ичүү үчүн чыккан эки пенсионер балкон плитасы менен кошо жерге кулап түштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балкон турак үйдүн үчүнчү кабатында жайгашкан. Кулап түшкөн эки аял тең оор абалда ооруканага жеткирилген.

2017-жылы май айында дагы Орусиянын Пенза шаарында пенсионер балкондон кулап түшүп, жүлүнүнөн жаракат алганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2020-09-19 21:23:43
Деңиздин жеегиндеги үйлөрдүн балкондору бүт чирип калган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан