Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагындагы "Ош базарына" эки кабаттуу милиция бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин, Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин жетекчилигинин демилгеси менен жана "Ош базарынын" чарбалык субъектилеринин директорлорунун колдоосу менен аталган милиция бөлүмү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ачылды.
Милиция бөлүмүнүн ачылышына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев, Ленин РИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов, Ленин районунун акиминин орун басары жана "Ош базар" ЖЧКсынын директору катышты.
Өз кезегинде Эрлан Атантаев бардык милиция кызматкерлерин жана жарандарды жаңы имарат менен куттуктап, Бишкек ШИИББинин атынан жаңы компьютер белек кылды.
Ленин РИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов белгилегендей, жаңы ачылган бөлүмдө иштөө үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Бул милиция кызматкерлери жумушун жакшы аткарууга кошумча түрткү болорун баса белгиледи.
Жаңы ачылган милиция бөлүмүндө 10 кызматкер иштеп, "Ош базарынын" аймагындагы тартипти көзөмөлгө алышат.