Тажикстанда 5 айдан бери изделип жаткан 19 жаштагы кыз 1 буту жок абалда үңкүрдөн табылды

Коңшу Тажикстанда апрель айында дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыздын жансыз денеси Варзоб районунун Харангон капчыгайындагы үңкүрдөн сөөктөрү сынган жана бир буту таптакыр жок абалда табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, маркумдун үй-бүлөсү анын жоголушу боюнча тергөө иштерин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жээни Умеджон Нуриддин жеке көзөмөлүнө алгандан кийин башталганын билдирген. Издөө иштеринин жүрүшүндө кыздын телефонунан сигнал аныкталып, кылмышка шектүү катары таксист бала кармалган. Ал күнөөнү моюнуна алып, жансыз денени үңкүргө катып салгандыгын айткан.

Кыздын апасынын айтымында, маркумдун телефонунун сигналы бир нече жолу алардын үйүнүн айланасынан байкалган. Кийинчерээк кылмышка шектүү тергөө иштери кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн алардын үйүн акмалап жүргөндүгү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tymar
2020-09-19 14:56:00
Жакшыгакай кызды кимиси кескилеп кеткен.
+1
Abdizhapar
2020-09-19 19:59:09
Сука жырткыч АЛЛА жазасын берсин
+5
Betei
2020-09-19 23:46:49
Э тооба кылдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан