Бириккен улуттар уюмунун алдындагы дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Биасли миллиардерлерге кайрылып, дүйнө жүзү боюнча болжол менен 30 миллиондон ашык адамды ачкачылык курмандыгынан сактап калууга жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, 30 миллиондон ашык адамды ачкачылыктан сактап калып, 1 жыл багуу үчүн 4 миллиард 900 миллион доллар талап кылынат. Ошол эле учурда дүйнөдө 2 миңден ашуун миллиардер бар, алардын байлыгы 8 триллион долларга бааланган. Айрым миллиардерлер пандемия учурунда миллиард доллар тапкан.
"Мен алардын байлыгынын өсүшүнө каршы эмесмин. Бирок адамзат өмүрүндө биз көргөн эң чоң кризиске туш болду. Дүйнө сизге азыр керек жана туура иш кылууга убакыт келди", - деген Биасли.