Ырды келиштире көркөм окуп, интернет жылдызына айланган Саян: “Тапшырма аткаргандан көрө ыр жаттаган жагат”

Социалдык тармактарда ырды жеткире көркөм окуп, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган 8 жаштагы Саянды баарыбыз эле билсек керек. Буга чейин ал Алтынбек Исмаиловго таандык "Байка кыргыз, бир нерсе башталууда", Зайырбек Ажыматовдун калемине таандык “Мен кыргызмын” жана башка бир нече ырларды кичинекей болгону менен чоң акындардай чебердик жана берилүү менен окуганы интернетке желдей тарап, социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырган.

Саян Айтикеев SUPER.KG порталына бал тили менен кызыктуу маек курду.

- Саян, өзүң жөнүндө айтып берчи?

- Жаралган жерим Аксы экен,

Жаратылышы жакшы экен.

Туулган жерим Аксы экен,

Турпаты менен жакшы экен.

Алчалуу Аксы жерин,

Аталар кайдан тапты экен.

Мен Саян Айтикеев, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол деген айылынан болом. Бирок ата-энем менен бирге Ошто жашайм, ушул жактагы Алишер Навои атындагы №18 гимназия мектебинде 2-класста окуйм. Төрт бир туугандын экинчисимин.

- Ыр окуганда мааниси терең ырларды көп окуйсуң, аны түшүнүү сага кыйын эмеспи? Ыр жаттоого ким көбүрөөк жардам берет?

- Мен 4-5 куплет ыр болсо бир күндө жаттайм, 8-9 куплет болсо эки күндө жаттайм. Бирок Максат Жангазиевдин 12 куплет ырын 3 күндө эле жаттап койдум, мага жакса бат эле жаттап алам анан унутпай эстеп калам. Ырларды түшүндүрүп жаттаганга байкем, апам көп жардам берет.

- Көркөм окууга кандайча кызыгып калдың?

- Мага тапшырма аткаргандан көрө ыр жаттаган жагат. Апам тапшырма берсе, андан көрө бир ыр жаттайынчы деп суранам. Мектепте болсо жакшы окуйм. Мугалим эжеке ыр жаттагыла деп тапшырма берсе, дароо эле айтып берем. Биринчи байкем Зайырбек Ажыматовдун “Мен кыргызмын” деген ырын окучу, анан мен аны угуп жүрүп эле жаттап алдым, ошентип кызыгып калдым. Калган ырларды китептен окуп, бат эле жаттап алам. Ыр айтып атканда колдорду жаңсап айтканды алгач байкем көрсөтүп берди, анан мен аны туурап башка ырларды да мимикалар менен айтып калдым.

- Чоңойгондо ким болгуң келет? Эмнеге кызыгасың?

- Чоңойгондо акын болгум келет. Ат мингенге кызыгам, китеп окуганга да кызыгам. Компьютер ойногон дагы жагат.

- Кайсы акындарды тааныйсың, сага кимиси көбүрөөк жагат?

- Мен көп акындарды билем. Бердибек Жамгырчиев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Акбар Кубанычбеков жана башка. Мага Зайырбек Ажыматовдун ырлары жагат, көп ырын билем. Азыр Зайырбек Ажыматовдун “Жүрөктөгү бороон” деген китебин окуп жатам. Мага жай ырлар туура келбей калат, андан көрө мекен жөнүндө, эне тууралуу ырларды жакшы окуйм.

Саян байкеси Мунарбек менен

Байкеси Мунарбек Базаркуловдун айтымында, Саян дилгир бала. Өзү болгону 2-класстын окуучусу болсо дагы китепти чоң кишилердей эле окуйт. Анан дагы телеканалдарга барып маек курганды жакшы көрөт. Ыр окуп берчи деп сурангандарга такыр уялбастан эле шатыратып айтып кирет деп кошумчалады.

Ырды келиштире көркөм окуп, интернет жылдызына айланган Саян: “Тапшырма аткаргандан көрө ыр жаттаган жагат”
“Келечекте акын болом” дейт интернет жылдызына айланган Саян
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Rajo100
2020-09-20 17:20:34
Азамат, өмүрлүү бол! Ата эненди сыйлап, кыргыз элинин сыймыгы болуп чоное бер!
+6
Tymar
2020-09-20 18:41:28
Негизи кыргыздын коптогон руханий поэзиялары, корком чыгармалары, улуу осуяттары кагаз бетине жазылган бойдон калып жатат. Азыр жаштар китеп окубайт. Ошол учун ушул сыяктуу мааниси кучтуу ырларды аудио же видео кылып авторлор оздору тил менен ушундай ырларга жан киргизип, тирилтип турушса сонун болоор эле. Болбосо укмуштуудай поэзиялар жазылат да, алар кагаз бетинде олук сыяктуу болуп тура берет. Мындай адамды озгорто турган ырларга керек болсо комуздун унун кошуп жан киргизгиле акын, олуялар.
+5
Tymar
2020-09-20 18:48:25
Tymar,
Азыр мисалы кыргыз китепканаларга кирсенер укмуштуудай, табышмактуу, сырдуу кыргыз дуйносун коросунор. Укмуштуудай кыргыздын сырдуу китептери турат. Бирок ал өлүк сыяктуу жыйылып жатат. Анткени аларды эч ким окубайт. Ал эми ошол өлүк бойдон калган кыргыздын кереметтуу дуйносуно кантип жан киргизип, тирилтебиз. Мисал келтирейн. Мына азыр арабтар тонналап Куран китептерди бизге жонотуптур. Эми ошол арабтардын китебине биздин молдолор жан киргизет. Кантип?
+3
Tymar
2020-09-20 18:51:56
Tymar,
Албетте молдолор оздору эринбей какшап араб дуйносун биздин жаштардын ан сезимине тил менен синирип жатышпайбы. Арабтар биздин молдолорго араб китептерине жан киргизип, элге жеткиргени учун акча толоп берет. Кыргыздын рух дуйносуно, китептерине жан киргизген же молдосу жок, же акындары жок. Окунучтуу. Супер инфо ушуну конулго алат деп ойлом.
0
Tymar
2020-09-20 19:01:21
Tymar,
Бир улуу эже бар. Дайыма ыр жазат, озу ыр менен жашайт жана Кудайга дайыма ыр менен бата тилек кылат. Ыр китебин окуп чыктым. Ал эженин ырлары менин жашоодогу коз карашымды толугу менен озгортту. Окунучтуусу ал эженин ырлары китеп бойдон калды, кобу билбейт. Эгер ошол ырларды аудио, видео кылып комуздун обондорун кошуп эл арасында жайылтканга мамлекет жардам берсе сонун болоор эле.
+1
Mister-X
2020-09-20 22:10:56
Tymar,Сиз ыр жазасызбы?Ыр жазган акындардын көпчүлүгу динден терең илим алганы жөнүндө билесизби?Дин жүрөктү тазалайт,ыйманга чакырат.Ал эми жүрөгү таза,жан дүйнөсү таза акындан жакшы чыгармалар жаралат.Кыргыздын мен деген акын,дастанчы,манасчыларды,комузчуларды карап көрүңүзчү.Баары динди жакшы түшүнүп,динди бекем туткан адамдар.Салттуу дин менен кыргыздын салтын кошо айкалыштырып жүргөн адамдар гана бийиктикке жетип,жакшы чыгарма жарата алат.
+2
asman.81
2020-09-20 18:51:28
Оркунун оссун,азамат.Ата энесине рахмат.
+3
take1984
2020-09-21 16:03:14
бар бол азамат
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-09-24 13:08:29
Өркүнүң өссүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан