АКШда бүгүндөн тарта "TikTok" тиркемесин жүктөөгө тыюу салынат

АКШнын Соода министрлиги "TikTok" тиркемесинин түзүүчүлөрү улуттук коопсуздукка байланышкан көйгөйдү жойбосо, 20-сентябрдан тарта колдонмону көчүрүүгө жана аны 12-ноябрдан тарта колдонууга тыюу салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"АКШ президенти Дональд Трамптын 2020-жылдын 6-августунда кол койгон буйруктарына жооп катары Соода министрлиги өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо максатында "WeChat" жана "TikTok" мобилдик тиркемелерине байланыштуу транзакцияларга тыюу салынгандыгын жарыялады”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп "TikTok" тарабынан улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучту жөнгө салууга байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн 12-ноябрга чейин мөөнөт берди. Эгер маселе оң жагына чечилсе, тиркемеге салынган тыюулар алынат.

АКШнын администрациясы "TikTok" колдонмосунун түзүүчүлөрүн америкалыктардын маалыматтарын Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп айыптап жатат. Ал эми колдонмонун ээси "ByteDance" мындай айыптоолорду четке кагууда.

Ал эми Трамп август айында “TikTok" коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жана “WeChat" коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жарлыктарга кол койгон. Анда ал америкалык юрисдикциядагы "ByteDance" менен болгон бардык келишимдерди токтотуу үчүн бир айга жакын убакыт берген. Ал мөөнөт бүгүн, 20-сентябрда аяктайт.

Ал эми мындай чечимге Кытай "WeChat" жана "TikTok" боюнча АКШнын аракеттерине каршы чыгып, Вашингтонду туура эмес кадамга барбоого жана каралоодон алыс болууга чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saiit
2020-09-20 23:24:15
Бул Тик ток миктобу инстаграм минстаграмын баарын Кыргызыстанда жаапташтаса да жакшы болот Биздин жаштардын кадыр баркы калбады! Урп адат намыс деген нерсенин баарысын биздин жаштар тебелеп бузуку коом тузуучу болду!!!
0
mmrhtbk
2020-09-21 12:55:14
Белла Порч эмне кылат Эми ай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан