Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова Жаштар театрынын абалы тууралуу: "Ээси кеткен эски сарайда эптеп эмгектенип жүрөбүз деп эч кимге даттанбайбыз"

Бишкектин борбордук бөлүктөрүнүн биринде жайгашкан Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрын шаардыктардын басымдуу бөлүгү билсе керек. Ал эми Союз учурунда жашап калган ата, апаларыбыз театрдын качандыр бир кезде белгилүү пионерлер үйү болгонун айтып келишет.
Тарыхка көз чаптырсак:

Азыркы Жаштар театрынын имаратынын курулушу 1939-жылы башталып, 1951-жылы Кыргыз СССРинин 25 жылдыгына карата ачылганы маалым. Союз учурунда ал жакта 2 миңден ашык пионер ар түрдүү эмгек жана чыгармачылык кружокторуна катышып келген.

Андан бери 69 жыл өтсө дагы имаратка кире бериштен эле союздун жыты байкалат. Дегенибиз, Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүккө ээ болгону театрдын ичи, тышына болгону 2-3 жолу гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Жаштар театрынын имаратынын кейиштүү абалы тууралуу көп жылдан бери айтылып деле, жазылып деле келе жатат. Бирок кыргыз маданиятынын жүзү болгон театрдын имаратынын сырткы жана ички көрүнүшү кыргыздар айтмакчы, дагы деле "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" дегендей абалда турганына SUPER.KG порталы күбө болуп келди.

Биз барганда театрда жетекчилик жок экен. Ошого байланыштуу анын ичин тартуу мүмкүн болгон жок.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетованы жаңы спектаклдын репетициясына даярданып жаткан жеринен сөзгө тарттык.

- Саламатсызбы Назира эже, көрүүчүлөр үчүн жаңы спектакль даярдап жатасыздарбы?

Саламатсызбы! Ооба, татар классик драматургу Азиз Гилязовдун "Үч аршин керек" деген драмасын коюп жатабыз. Андан тышкары дагы үч спектакль даярдап койдук.

- Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын ачылганына канча жыл болду?

Быйыл 31-сезон ачылат. Мурда белгилүү болгондой, бул пионерлер үйүнүн имараты болгон. Негизинен имараттын курулганына 69 жыл болуп калды.

- Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгону театр канча жолу оңдоп-түзөөдөн өттү?

Бир жолу чатыры оңдолгон. Андан кийин биринчи парламенттин отургучтары бизге берилген мезгилде бир оңдолгон. Андан бери ичине эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Мурдагы жылы сырткы фасадын бир жеке ишкер жасап, жымсалдап берген.

- Жакында эле маданият, маалымат жана туризм министри өзү келип, театр имаратынын сырткы урап түшүп жаткан жагын көрүп кеткенинен кабардарбыз.

Мен ушул театрга келип, иштеп жатканыма 25 жыл болду. Ошондон бери улам жаңы шайланган министрлердин баары келип көрүп кетет. Бул министрибиз дагы келип кеткен. Планда имараттын жанында жайгашкан стадионго чоң жаштар театры курулмак экен. Бирок ал качан курулат, качан башталат азырынча белгисиз.

- Жаштар театрында канча адам эмгектенет?

Баш аягы 60га жакын адам эмгектенет. Арасында Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер, маданиятка салым кошкон кызматкерлер бар. Биз ушундай ээси кеткен эски сарайда эптеп эмгектенип жүрөбүз деп эч кимге даттанбайбыз. Алыбыздын келишинче иштеп жатабыз. Чыгармачыл жамаат чыйрак, тың. Бирок ошондо дагы бизге көзөмөл жана тыйын керек экен. Тыйын жагынан аксайбыз. Кудайга шүгүр, каражатын көтөрүп, азыркы спектаклды, пьесаны койгонго колдоо көрсөтүп жаткан адамдар бар. Ошолорго миң мертебе рахматыбызды айтабыз. Ал Султан Раев, Меңди Мамзаирова, Людмила Молдалиева. Бул жакшы жышаан.

- Сиздердин жамаат чет жакка барып кыргыздын атын чыгарып, ийгилик менен кайтканда мамлекет тарабынан премия, гонорарлар берилип турабы?

Премия, гонорар дегенди унутканыбызга көп жыл болду. Биз айлыкка гана жашайбыз. Эң эле жогорку айлык 10 миң сом, эң төмөнкүсү 3 жарым миң сом. Ошого каниет кылып иштеп жатабыз. Каниетти кандай кылабыз? Ачкабыз, үйүбүз жок, бирок иштеп жатабыз. Алсак, 2019-2020-жылдарга карата Кытайга, Лондонго, Азербайжанга, Уфага, Башкирияга, Астанага бардык. Кытайга Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Жамиля" спектаклин коюп бардык. Анда каржы жагын Кытайдын элчилиги колго алды.

- Негизи эле жалпысынан театрга көрүүчүлөрдүн келиши кандай?

Биз көрүүчүлөрдү абдан сагындык. Пандемия учурунда эки адам театрга келип, ал эми калгандары онлайн даярданып, "Үмүт" деген спектаклдын бет ачарын жасадык. Ал спектакль көрүүчү тарабынан жакшы кабыл алынды. Бирок биз каражат жагынан аксап жаткандыктан, көрүүчүдөн дагы аксайбыз. Бир чети техника өнүккөн заманда көпчүлүк адамдар үйдө отуруп телефондон эле көрүп коёт экен. Актёрлор менен бетме-бет отуруп, жан дүйнөсү менен бөлүшөлү деген көрүүчүлөр азыраак.

- Эгер театрды дагы кинотеатрлар сыяктуу менчикке өткөрүп, ичи, тышын заманга шайкеш келгендей жасап койсо, көрүүчү тартылабы?

Андай күн кайда, биз ага жок дебейбиз. Мисалы кээде 30 жашка чыккан көрүүчү биринчи жолу театрга келип жатканын айтып, театр деген укмуш турбайбы, такыр башкача сезим экен деп таасирленип кетет. Театрдын жан дүйнөсүнө сырткы көрүнүшү шайкеш келсе сонун болот да. Ал эми биз ойногондон эч качан тажабайбыз!

- Назира эже, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Театрга байланыштуу бардык көйгөйлөр чечилет деген үмүттөбүз!

“Жаштар театрында эмгектенгендердин алды 10 миң сом, арты 3 жарым миң сом алат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tymar
2020-09-21 09:31:15
Бет мандайын ондомуш этиптирсинер, арт жагы сарай эле экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан