Улуу Британияда 13 баланын энеси жана "Кош бойлуу" телешоусунун жылдызы Мэнди Гарднер өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя апрель айында болгон. Бирок анын үй-бүлөсү окуя тууралуу жарым жылдан кийин гана айткан.
2016-жылдагы көрсөтүүдө жубайлар он экинчи наристесин күтүп жатышканын жана үй-бүлөлүк маселелер жөнүндө сүйлөшкөн. Ошол эле убакта ал өз жанын кыюу жөнүндө да сөз кылган.