Белгилүү балбан Нурлан Алишеровго (Ташчайнар) президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү

Эл арасында "Ташчайнар" каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеровго материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

19-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Нурлан Алишеровдон кабар алды.

Буга чейин ал оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланып, жардамга муктаж экендиги маалым болгон. Жолугушуу учурунда Нурлан Алишеровго ден соолугун чыңдоого зарыл болгон аракеттерди көрүү үчүн материалдык жардам тапшырылды. Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын жана кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин айтып, ал үчүн толук дарылануудан өтө тургандыгын билдирген.

Буга чейин балбан ооруп жатканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2020-09-21 11:47:48
10 мин алып бердинерби.суммасын айта албай калыпсынар.
-1
Suzak12
2020-09-21 21:19:07
Tolkun555,Президент 10 000 бербесе керек же долларга берди бекен.
0
karabet
2020-09-21 22:46:00
оор которбогуло ошондуктан
кыргыз жигиттер
акылынарды иштеткиле
+3
Eminahanym
2020-09-22 04:34:40
Койунуз эми . Рекорддорду багынтпай эле тыыынч саксаламат жашаныз. Үйбүлөнүзгө балдарга аябай керексиз. Кичи бизнес ачып алыныз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан