Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Тал айылынын үч тургунунан сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ат-Башы районунун акиминин орун басары Максат Кадыркулов билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 11-сентябрь күнү Кара-Тал айылынын тургуну колуна жара чыгып, шишигендиктен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган. Текшерүүнүн натыйжасында ал сибирь жарасына шектелген.
"2-сентябрь күнү Коёнду-Колот жайлоосунан ооруп жаткан уйду сойгон. Малдын ашказанынан ар кандай баштыктар чыккан. Жумурусу катып калганын көрүшүп, уйдун кыйналганын ошондон улам деп эсептешкен. Анын этин 12 бөлүккө бөлүшүп, кошуналарына таратышкан. 10 күн өткөндөн кийин уйду сойгон 2 жаранга жана малдын этин жеген бир тургундун колуна жара чыккан. Андан тышкары 70 киши уйдун этин жегендиги аныкталган.
Учурда 68 кишинин абалы жакшы, оорунун эч кандай белгилери жок. Алгоритм боюнча уйду сойгон жерден бир чакырымга чейинки аралык көзөмөлгө алынды. Баш-Кайыңды жана Ак-Боз айыл өкмөтү менен биргеликте сибирь жарасы чыккан жерге чектөөлөрдү киргизишти. Коёнду-Колот жайлоосу курчоого алынып, 10 күнгө чейин малдар сыртка чыгарылбайт. Санитардык пост уюшулуп, 20 күн өткөндөн кийин кайра текшерүү жүргүзүлөт", - деп билдирди Максат Кадыркулов.