Британия өкмөтү өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталганын жарыялады

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өлкөдө коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну башталганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ал өлкөгө кайрадан карантин киргизүүгө уруксат берди.

Маалыматка караганда, Жонсон COVID-19ду жуктуруунун кийинки толкуну Франция, Испания өлкөлөрүн кошо жалпы Европа боюнча башталганын кошумчалаган.

Мурункудай ири чектөөлөр киргизилбей турганын айткан өкмөт башчы, колдон келишинче экономикалык тармактарды ачык кармоо аракетин кыларын билдирди. Бул үчүн жарандардан эрежелерди аткарып, санитардык талаптарды сактоого чакырды.

Британияда коронавирус менен катталгандардын саны кайрадан өскөндүктөн өлкө бийлиги алтыдан ашык адамдын чогулуусуна чектөө киргизди. Эксперттер мындай эрежени бир нече ай сактоо талапка ылайык деп эсептейт.

Британияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 386 миңдей учур катталган. Вирус башталгандан бери анын кесепетинен жалпы 41 миң 500дөн ашык адам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан