Кытайдын Сычуань провинциясында математика мугалими суроолорго туура эмес жооп бергендиги үчүн башталгыч класстын окуучусун сабап өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 10 жаштагы окуучу кыз математика сабагында эки суроого жооп бере албай калган. Туура эмес жооптору үчүн жаза катары мугалим кызды кулактарынан тартып, башына ура баштаган. Ал катуу сабалгандыктан ордунан тура албай калып, ооруканага жеткирилген. Мындан улам окуучу кыз 3 сааттан кийин каза болду.
Анын чоң энесинин айтымында, кыз математика мугалиминин сабагына катышуудан аябай коркчу, анткени ал буга чейин денесинен көп жаракат алып жүргөн.