Америкалык ырчы Леди Гага атактуулуктун айынан жабыркагандыгы тууралуу айтып берди

Америкалык ырчы Леди Гага өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндөгү ойлору жана атак-даңктын айынан руханий жактан жабыркагандыгы тууралуу "CBS News" каналына берген маегинде айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

34 жаштагы ырчынын айтымында, ага келген атак-даңк анын психикалык саламаттыгына таасир эткенин билгенден кийин күн сайын өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө ойлонгон.

"Мен өзүмдөн толугу менен көңүлүм калды, атактуулукту, жылдыз болууну жаман көрчүмүн. Атактуулуктан чарчадым", - деп эскерет ырчы.

Леди Гаганын депрессиядан чыгуусуна ырчы Ариана Гранде менен болгон достугу жардам берди.
Акыркы "Chromatica" альбомунун аркасында депрессиядан чыгуунун жолун тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан