КПЛ: "Абдыш-Ата" клубунун 19 жаштагы оюнчусу бүгүнкү оюнда кооз гол жаратты

Бүгүн, 21-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 11-турдук оюндары өтүүдө.

Саат 11:00дө башталган оюнда Канттын "Абдыш-Ата" командасы менен бишкектик "Дордой" командасы кез келди. Оюндун 33-мүнөтүндө "Абдыш-Ата" клубунун 19 жаштагы чабуулчусу Максат Алыгулов каршылашынын дарбазасына мыкты сокку узатып, кооз гол жаратты.

Оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, кооз голдун ээси Максат Алыгулов беттештин мыкты оюнчусу аталды.

16-сентябрда өткөн Кыргыз Премьер-Лигасынын 10-турдук оюнунда дагы "Алай" командасынын оюнчусу Тимур Талипов стандарттык абалдан укмуштуудай гол жараткан.

Максат Алыгуловдун кооз голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан