Бүгүн, 16-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 10-турдук оюндары өтүүдө.
Саат 11:00дө башталган оюнда Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы менен Оштун "Алай" командалары кез келди. Оюндун 42-мүнөтүндө "Алай" клубунун коргоочусу Тимур Талипов стандарттык абалдан укмуштуудай гол жаратты.
Оюн 2:4 эсебинде "Алай" клубунун жеңиши менен аяктап, кооз голдун ээси Тимур Талипов беттештин мыкты оюнчусу аталды.