Куш тумоосу Казакстандын беш облусуна тарады

Казакстандын беш облусунда - Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда үй канаттуулары кырылууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн айыл чарба министринин орун басарынын билдиргенине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулар кырылып жатканы аныкталды. Жеке турак үйлөрдө 12 миң 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган", - айтылат маалыматта.

Анын айтымында, эки облуста лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Казакстандын Айыл чарба министрлиги Түндүк Казакстан облусунда "жогору патогендүү куш тумоосу" тараганын, ага каршы күрөшүү чаралары башталганын кабарлаган. Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Infiniti075
2020-09-22 15:28:25
Китай
+1
gulya583
2020-09-23 01:25:33
Казак баурларга кантип айтам билбейм, бирок тоокканага ордок кошуп койсо, тоок олот болбойт деп уккам. Ордок кошуп коргулочу тооктор арасына, балким деген ойда
+1
nemo2016
2020-09-23 09:03:24
2020-жыл чычкан жылы эптеп сенен отуп кетейличи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан