Жакында Казакстандын Алматы шаарында бир миллион теңгеге бааланган "сүйлөй турган" отургучтар орнотулат. Бул тууралуу Бостандык районунун акиминин орун басары Серик Адилбаев жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
"Отургучтарга адам отурганда ал аудио тутумдун жардамы менен сүйлөйт, тактап айтканда, отургуч тарыхый инсандардын өмүр баянын, акындардын ырларын айтат. Мындан тышкары, Бостандык районунда бир нече жерге "сүйлөй турган" отургучтарды орнотуу пландаштырылып жатат", - деп белгилеген Адилбаев.
Эске салсак, Алматы шаарында бул сынакка 2021-жылга билдирмелерди кабыл алуу башталды. Кабыл алуу 5-октябрга чейин жүргүзүлөт.
"Кызматташтык бюджети" бул шаардын айлана-чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жашоочуларды тартуу механизми. Жарандар өз арыздарын сунуштар менен кошо берип, мамлекеттен каржы ала алышат.