Британиялык аял Барбиге окшошом деп 10 миң доллардан көп каражат коротту

Улуу Британиялык Жейд Лайн аттуу аял Барби куурчагына окшошуу максатында сырткы көрүнүшүн өзгөртүү үчүн пластикалык операцияга жана косметикалык процедураларга 10 миң 369 доллар (болжолдуу 791 миң 499 сом) сарптаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анын сүйүктүү куурчагы мындай кадамга баруусуна түрткү болгон.
"Барби - менин эң сүйүктүү кумирим. Менимче, ал укмуштуудай жана кемчиликсиз! Азыр болсо, мен ага гана эмес, ар кандай образдарга да ээ болдум", - деген ал.
Ошондой эле Лайн эриндерин чоңойтууну пландап жатканын айткан.
"Менин сырткы келбетим боюнча миллиондогон комментарийлерди алам. Алардын арасында жакшысы, жаманы дагы бар. Мага "сен 50 жаштагыдай көрүнөт экенсиң", "клоун сыяктуусуң", "абдан жаман көрүнөсүң" деген комментарийлер дагы келет. Бирок мындай пикирлер мени тынчсыздандырбайт. Аларга маанайымды түшүрбөйм", - деген ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2020-09-23 03:34:43
Мен уй алмак экенмин ушул акчага.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан