Ысык-Көл. Окуучу кыздар борбордон олжолуу кайтышты

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-октябрында Бишкек шаарында окуучу кыздар арасында футбол боюнча республикалык мелдеш болуп өттү. Анда Каракол шаарынан ат салышкан «Гимназия» кыздар командасы мыкты оюн көрсөтүшүп, байгелүү 2-орунду багындырып, күмүш медаль жана баалуу белектерге ээ болуп кайтты. Белгилей кетүүчү жагдай, бул республикалык мелдеш жаз айында өтүүчү Азия чемпиондугуна катышууга тандоо максатында өткөрүлгөн болчу. Бул тууралуу Каракол шаарындагы спорт мектебинин машыктыруучусу Азамат Кадыров маалымдады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан