Чехия парламентинин төмөнкү палатасы циркте жаныбарларды пайдаланууга тыюу салууга багытталган мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, палата депутаттары үчүнчү окууда "Жаныбарларды зомбулуктан коргоо боюнча" мыйзамын өзгөртүүгө добуш беришкен.
Кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, жаныбарлардын бардык түрлөрүн, алардын жаңы туулган балдарын циркте үйрөтүү, көбөйтүү жана пайдалануу токтотулат.
Өзгөртүүлөрдү сенат жана өлкө президенти бекитиши керек.
"Палата депутаттары мындай кадамга барганына мен ыраазы болдум. XXI кылымда жапайы жаныбарлардын циркте зомбулукка кабылган учуру болбошу керек" деп билдирген мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Франтишек Ваха.