"Non-stop" дуэтинин солисти, учурдагы жеке ырчы Чолпон Талипбек 30 жашка толду. Ал 1990-жылы 22-сентябрда Кант шаарында төрөлгөн.
Чолпон Талипбек шаардагы №1 мектеп-гимназиясын аяктап, Бишкектеги финансылык-техникалык техникумда билимин уланткан. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтун Телевидение жана радио режиссёру багытында аяктаган.
Ырчы бийкеч өзүн ырчылыкта гана эмес, кино жаатында да, алып баруучулук тармагында да сынап келет. Ал "Ийгилик баяны", "Жыргал лайф" берүүлөрүн алып барган.
2017-жылы "Non-stop" дуэти тарап, Чолпон Талипбек жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып келет. Анын репертуарында "Жүрөгүм эзилет", "Таппадым сендей", "Жай", "Сени издейм", "Серенада" жана башка ырлар бар.
22-сентябрдын жылнаамасы.