"Нобель" комитети быйыл сыйлык тапшыруу аземине түзөтүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу 10-декабрга белгиленип, жеңүүчүлөр менен байланышуу онлайн режиминде болот.
"Нобель" сыйлыгын тапшыруу аземи Осло университетинин аудиторияларынын биринде чектелген сандагы катышуучулар менен өткөрүлөт.
"Сыйлык тапшырууну аралыктан өткөрүү боюнча чечимди кабыл алуу оңой болгон жок. Бирок биз окумуштуулардын сунуштарын угуп, пандемиянын талаптарын эске алып, этият болушубуз керек", - деп билдирди "Нобель" фондунун аткаруучу директору Ларс Хайкенстен.
5-октябрдан 12-октябрга чейин созула турган "Нобель" жумалыгында жеңүүчүлөрдү жарыялоонун тартиби дагы өзгөрөт. Тактап айтканда, маалымат жыйындарына катышкан журналисттердин саны кыскартылат. Аталган сыйлыктын лауреаттарынын ысымдары октябрь айында белгилүү болот.
"Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт. Эгер сыйлык аукционго коюла турган болсо, алтындын салмагына гана карабастан кимге тиешелүү экенине көбүрөөк маани берилет.