Европа Биримдигинин саммити октябрга жылды

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Европа Биримдигинин 24-25-сентябрга белгиленген саммити 1-2-октябрга жылдырылганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жыйындын жылдырылышына Мишелдин убактылуу карантинге алынганы себеп болду. Ал жакында эле коопсуздук кызматынын коронавирус жугузуп алган өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталган.

Европа кеңешинин өкүлү Баренд Лейтц социалдык тармактагы баракчасына Шарль Мишел бир канча убакыт карантинде болушу керек экенин жазган. Анын айтымында, кеңештин башчысы тесттен улам-улам өтүп жатат, дүйшөмбү күнү тапшырган акыркы анализи таза чыккан. Бирок Бельгиядагы эпидемиологиялык эрежелер боюнча ал карантинде болушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан